19 май 2025
Кароолор: 25
Бүгүн Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагында камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы “Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” №79 Жарлыгын ишке ашыруу максатында бүгүн 2025-жылдын 19-майында Кадамжай районунун аймагындагы мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун агенттери Бирлик айыл аймагында жарандар үчүн атайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жарандардын турак үйлөрдү камсыздандыруудан өткөрүү жана авто унааларды милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүү боюнча иш алып барылууда.
Адистер аймактын тургундарына милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздандыруунун түрлөрүн, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн шарттары боюнча кеңири маалымат беришти.
Кадамжай районунун аймагында мындай түшүндүрүү иштери мындан ары да башка айыл аймактарда улантылып, калктын бардык катмарына жеткирүү пландалууда.