24 март 2025

Кароолор: 40

Бүгүн Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында райондук мекеме-ишкана жетекчилери, жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен биргеликте кеңейтилген жыйын өткөрүлдү.

Бүгүн Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында райондук мекеме-ишкана жетекчилери, жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен биргеликте кеңейтилген жыйын өткөрүлүп төмөнкү маселелер каралды:

1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы №56 Жарлыгынын Кадамжай шаарында ишке ашырылышы жөнүндө.

2. Ак-Турпак айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин бүгүнкү күндөгү абалы жөнүндө.

3. Республикалык бюджеттен жыл сайын бөлүнүүчү 500,0 млн сом эсебинен каралган каражаттардын 2025-жылга карата Бирллик айыл өкмөтү жана Айдаркен, Кадамжай шаардык мэриялары тарабынан 3 долбоордун аткарылышы жөнүндө

4. Кадамжай районунун өнүктүрүү фондуна 2025-жылга карата сунушталган долбоорлордун бугүнкү күндөгү абалы жөнүндө.

5. Салык план тапшырмаларынын аткарылышы, статистикалык көрсөткүчтөрдүн жана отчеттордун абалы жөнүндө.

6. Жазгы талаа иштерин уюшкадыкта өткөрүү жана жүрүшү жөнүндө.

7. Райондун аймагындагы билим берүү мекемелеринин имараттарына видео байкоо жүргүзүүчү шаймандарды орнотуу жөнүндө.

8. Район аймагындагы жолбун иттерди атуу жана кутурма оорусун алдын алуу жөнүндө.

9. Ар түрдүү маселелер. (ар бир ЖӨБОнын башчыларынын 2025-жылдын 1-кварталында аткарылган иштери жөнүндө)