19 ноябрь 2024
Кароолор: 108
Бүгүн Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында тиешелүү мекеме ишкана жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен биргеликти жыйын өткөрүлүп төмөнкү маселелер каралды

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №199 “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү” жөнүндөгү Жарлыгына ылайык Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жана дегелаттарды шайлоо жөнүндө.
2. Баткен облусун 2021-2035-жылдарга өнүктүрүү программасынын Жол картасына райондун аймагынан 2026-2027-жылдарга карата сунушталуучу инвестициялык долбоорлор жөнүндө.
3. Майдан, А.Масалиев айыл аймактарындагы мал базарлардын абалы жөнүндө.
4. -Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетиндеги иштетилбей турган акча каражаттары жөнүндө (Остатки).
-2024-жылдын жыйынтыгы менен айыл өкмөттөрдү дотациядан чыгаруу жөнүндө.
-2025-жыл үчүн дем берүүчү гран эсебинен каржылануучу долбоорор жөнүндө.
5. Салык план тапшырмаларынын аткарылышы жөнүндө.
6. Кадамжай райондук прокуратурасынын 2024-жылдын 15-ноябрындагы №11/388-24 сандуу сунуштамасы жөнүндө.
7. Ар түрдүү маселелер.