18 февраль 2025
Кароолор: 48
Бүгүн Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Б.Коргонбаевдин жетекчилиги астында тиешелүү мекеме-ишкана жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен биргеликте онлайн жыйын өткөрүл

Бүгүн Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Б.Коргонбаевдин жетекчилиги астында тиешелүү мекеме-ишкана жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен биргеликте онлайн жыйын өткөрүлүп төмөнкү маселелер каралды:
1. Район аймагында 2025-жылдын жазгы талаа иштерине карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтомуна ылайык, жер мунапысынын алкагында аткарылып жаткан иштерди тездетүү жөнүндө.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы №56, 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 Жарлыктарына ылайык, аймакта өз билемдик менен ээлеп алган мыйзамсыз жерлерди, курулуштарды жана көчө боюндагы ар кандай багыттагы курулуп калган обьекттерди буздуруу жана алдын алуу иштерин күчөтүү жөнүндө.
4. Учурдагы көп жылдык бак дарактар жер аянттарынын багытын өзгөртүү үчүн жерлерди трансформациялоо иштерине даярдоо жөнүндө.
5. Баткен облусунун түзүлүп жаткан “2025-2030-жылдарга Улуттук өнүктүрүү программасына” райондун аймагынан сунушталуучу ири долбоорлор жөнүндө жыйын өткөрүлүп тиешелүү тапшырмалар берилди.