12 декабрь 2025

Кароолор: 59

Бүгүн Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Баяке уулунун жетекчилиги алдында онлайн жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары катышып, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу бир катар маселелер каралды:

1. Салык план тапшырмаларынын аткарылышы, статистикалык корсоткучтордун жана отчеттордун абалы;

2. 2025-жылдын жыйынтык көрсөткүчтөрү;

3. Күз–кыш мезгилине даярдык;

4. Ачылуучу обьектилер жөнүндө маалыматтар жана алардын даярдыгы;

5. КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августындагы №502 токтому – «Көрүстөндөрдү көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндөгү» чечимдин аткарылышы;

6. Айылдык китепканалардын абалы, материалдык-техникалык камсыздоосу жана өнүктүрүү жолдору;

7. Ар түрдүү маселелер.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмалар берилип, белгиленген багыттар боюнча ишти күчөтүү зарылдыгы белгиленди.