12 февраль 2026
Кароолор: 6
Бүгүн Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Болоткан Баяке уулу Ак-Турпак айыл аймагында өткөн Ооган согушунун ардагерлерин эскерүү иш-чарасына катышты.02.2026

Бүгүн Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Болоткан Баяке уулу Ак-Турпак айыл аймагында өткөн Ооган согушунун ардагерлерин эскерүү иш-чарасына катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө курман болгон жоокерлердин элесине гүлчамбарлар коюлуп, куран окулуп, алардын эрдиги жана мекенге болгон берилгендиги эскерилди.
Аким өз сөзүндө Ооган согушунун ардагерлерине чың ден соолук, узун өмүр каалап, алардын Мекен алдындагы кызматы эч качан унутулбай турганын белгилеп, терең ыраазычылыгын билдирди.
Ошондой эле Исхак-Полотхан айыл аймагында жашаган, ден соолугуна байланыштуу иш-чарага келе албаган Ооган согушунун ардагерлеринен кабар алып, жылуу каалоо-тилектер айтылды.
Ардагерлерибиз – эрдиктин, кайраттуулуктун жана мекенчилдиктин үлгүсү. Алардын эрдиги ар дайым урмат-сый менен эскерилет.