12 февраль 2026
Кароолор: 6
Бүгүн, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында «Эл аралык толеранттуулук үчүн» фонду «Жалпы кызыкчылыктарды издөө» уюму менен өнөктөштүктө «Достук өрөөнү» долбоорунун алкагында маалыматтык жыйын өткөрүлүүдө.

Аталган жыйынга Масалиев жана Үч-Коргон айыл өкмөттөрүнөн аялдар кеңешинин мүчөлөрү, дин кызматкерлери, жарандык активисттер, жергиликтүү депутаттар, жаштар кеңешинин өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана медицина кызматкерлери катышты.
Жыйында диний жана этностор аралык ынтымакты чыңдоо маселелери каралды. Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, аялдардын репродуктивдүү ден соолугун коргоо жана бул багыттагы актуалдуу көйгөйлөр боюнча кеңири талкуу жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, экстремисттик топтордун идеологиясынын алдын алуу, радикалдашуудан сактануу жана жаштар арасында туура диний түшүнүктү калыптандыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин кызматкерлери катышып, тиешелүү маалыматтарды берип, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.
Мындай жолугушуулар коомдогу тынчтыкты, ынтымакты жана туруктуулукту бекемдөөгө багытталган маанилүү аянтча болуп саналат.