21 май 2026
Кароолор: 6
Бүгүн мектеп окуучулары үчүн кесипке багыт берүү иш-чарасы өтүүдө.

Иш-чаранын алкагында Бишкекте жана чет өлкөлөрдө билим алып, бүгүнкү күндө өз тармагында ийгилик жаратып жаткан мекендеш агайлар окуучулар менен жолугушуп, өз тажрыйбалары жана пайдалуу кеңештери менен бөлүшүүдө
Иш-чаранын негизги максаты — жаштарга туура кесип тандоого багыт берүү, келечекке болгон максаттарын тактоого жардам берүү жана алардын өзүнө болгон ишенимин арттыруу. Ошондой эле окуучулар ар кандай кесиптер тууралуу маалымат алып, кызыктырган суроолоруна жооп ала алышат
Мындай жолугушуулар жаштардын келечекке болгон көз карашын кеңейтип, билим алууга жана өз үстүндө иштөөгө чоң мотивация берет.