27 сентябрь 2024

Кароолор: 70

“Бүткүл Дүйнөлүк Банк” тарабынан каржылоого алынган долбоорлор.

2024-жылдын 27-сентябрында райондун башчысы-аким Баяке уулу Болоткан “Бүткүл Дүйнөлүк Банктын” өкүлдөрү менен жолугуп, райондун аймагындагы Кадамжай шаарындагы жана Исхак-Полотхан, Молдо Нияз айыл аймактарындагы айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча ишке ашырыла турган долбоорлор менен коомдук талкуу өткөрүп, бир топ тапшырмаларды койду.

Тагыраак айтканда Нургазиев каналынын сыйымдуулугун 10 м3/сек чейин жогорулатуу, “Канда” БСРин куруу, Алга жер каналын бетондоо жана ички чарбалык каналдарын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча 9,0 млн АКШ долларлык долбоору Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары кызматы тарабынан “Бүткүл Дүйнөлүк Банктын” каржылоосуна даярдалып, бүгүнкү күндө долбоорлору толугу менен бүтүп, каржылоо алдында турат. Жыйынтыгында айыл аймактардагы 4500 га айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыздоо жакшырып, 300 га жаңы жерлер өздөштүрүлмөкчү.