26 январь 2024

Кароолор: 144

БУУ ДАТПнын 2023-2027-жылдарга карата ишмердүүлүгү каралды

   Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 2023-2027-жылдарга негизги багыттар: Жакыр үй-бүлөөлөрдү колдоо, климаттык өзгөрүүлөргө жана табияттык кырсыктарга жамааттын туруштук берүүсүн жогорулатуу, о.э. окуучулардын тамак-ашын оптимизациялоо боюнча иш алып барат. Бул тууралуу Кадамжай районундагы мамлекеттик администрацияда өткөн жыйында БУУнун ДАТПнын алдыдагы жылдарда стратегиялык өнүгүү иш планын тааныштыруу учурунда уюмдун өкүлдөрү билдирди.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) максаты – Кыргыз Республикасынын жарандарынын азыктүлүк коопсуздугун, тамактануусун жана ага байланыштуу негизги муктаждыктарын канааттандыруу, жөндөмдүүлүгүн коргогон, ошондой эле жакырчылыктан чыгуу, түрдүү тобокелдиктерге туруштук берүү, жана социалдык биримдикти бекемдеген улуттук социалдык камсыздоо тутумдарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.

Белгилей кетсек, БУУнун ДАТПнын иш планы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-апрелиндеги №149- буйругу менен жактырылган. Райондук консультациялык кеңешмеде акимдин биринчи орун басары Баатырбек Коргонбаев буга чейин БУУнун ДАТПнын алкагында көптөгөн долбоорлор ишке ашкандыгын баса белгиледи. Ал о.э. мындан ары да биргеликте элге пайдалуу болгон социалдык көйгөйлөрдү чечүүчу долбоорлор жүзөгө ашаарына ишеним билдирип өттү. Консультациялык кеңешме бир катар чечимдерди кабыл алуу менен жыйынтыкталды.