12 июль 2025
Кароолор: 51
БУУнун ДАТП менен биргеликте билим берүү мекемелеринде окуучуларга берилүүчү тамак-аштын коопсуздугун камсыздоо жана алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү.

2025-жылдын 11-июль күнү Кадамжай районунун аймагында БУУнун ДАТП (Дүйнөлүк азык-түлүк программасы) менен биргеликте билим берүү мекемелеринде окуучуларга берилүүчү тамак-аштын коопсуздугун камсыздоо жана алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү.
Иш-чарага Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары М. Айтматов, БУУ ДАТП уюмунун өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик мекеме ишканалардын жана билим берүү тармагындагы жетекчилер катышты.
Жыйындын жүрүшүндө окуучуларга берилүүчү тамак-аштын сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу, санитардык-гигиеналык эрежелердин сакталышы, ошондой эле мектеп ашканаларынын жабдылышы жана персоналдын даярдыгы боюнча маселелер талкууланды.
БУУнун ДАТП өкүлдөрү тамак-аш коопсуздугун камсыздоо боюнча эл аралык стандарттарды сунуштап, аларды жеринде колдонуу боюнча түшүндүрмө иштерин жүргүзүштү.
Жыйындын соңунда бардык тиешелүү мекемелерге жана билим берүү уюмдарына окутуучулук жана көзөмөл иш-чараларын күчөтүү тапшырмасы берилди.