22 июнь 2026

Кароолор: 3

Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине арналган юбилейлик Ысык-Көл Эл аралык форумуна карата Кадамжай районунда райондук маданий иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Баткен облустук китепканасынын башчысы, Баткен райондук маданият бөлүмүнүн башчысы, Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, маданият кызматкерлери, китепканачылар, кыргыз тили жана адабияты мугалимдери, ошондой эле коомчулук өкүлдөрү катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын көргөзмөсү уюштурулуп, «Кылым карытар бир күн» романындагы Жоломандын тагдырын чагылдырган сахналык үзүндү көрсөтүлдү. Катышуучулар улуу жазуучунун чыгармаларындагы адамгерчилик, тарыхый эс тутум жана руханий баалуулуктар тууралуу пикир алышышты.

Өткөрүлгөн иш-чара Чыңгыз Айтматовдун бай чыгармачылык мурасын даңазалоого, анын чыгармаларын кеңири жайылтууга жана жаш муундарды улуттук баалуулуктарды урматтоого үндөөгө багытталды