23 январь 2026
Кароолор: 6
ДЭП-46 ишканасы тарабынан унаа жолдорун кардан тазалоо жана инерттик материал себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Кадамжай районунда кардын көп жаагандыгына байланыштуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында ДЭП-46 ишканасы тарабынан унаа жолдорун кардан тазалоо жана инерттик материал себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Тактап айтканда, жумуштарга 2 грейдер, 2 погрузчик, 2 МДК, 1 дубль кабина, 1 манипулятор жана 26 жол жумушчусу тартылган.
Ош–Баткен–Раззаков, Кадамжай–Чечме, Ак-Кыя–Жийделик, Кызыл-Булак–Тамаша, Уч-Коргон–Майдан, Уч-Коргон–Чаувай унаа жолдорунда инерттик материалдарды чачуу жана тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Учурда бардык негизги багыттар боюнча тазалоо иштери активдүү улантылууда.