11 июнь 2025
Кароолор: 60
Дыйкан-фермердик чарбаларынын, айыл чарба кооперативдеринин ,үрөнчүлүк чарбаларынын ишмердүүлүгү боюнча жы

2025-жылдын 11-июнь күнү Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында райондун аймагындагы дыйкан-фермердик чарбаларынын, айыл чарба кооперативдеринин жана үрөнчүлүк чарбаларынын ишмердүүлүгү боюнча жыйын өткөрүлдү.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтомуна ылайык берилген мамлекеттик фондунун жерлерин максаттуу пайдалануусу, райондук салык кызматы менен биргеликте салыктарды өндүрүү боюнча тыгыз иш алып барылуусу, фермердик чарбалар малдарды тоют менен камсыз кылуу багытында берилген жер аянттарына рациондо керектелүүчү тоют эгиндерин эгүүнү камсыз кылуусу жана үрөнчүлүк чарбаларга, кооперативдерге, дыйкан фермерлерге келишим менен берилген жерлерин максаттуу түрдө пайдалануусу боюнча, комиссиянын курамы ар бир субьект боюнча аныктап чыгып, талаптар аткарылбаган субьектер менен түзүлгөн келишимдерди мындан ары өзгөртүү иш-аракеттерин жүргүзүү тапшырмалары коюлду.