22 май 2025

Кароолор: 22

Эл менен түз байланыш – ийгиликтүү башкаруунун кепилдиги

Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылында элдик жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу, тиешелүү мекеме жетекчилери жана жергиликтүү тургундар менен элдик жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар айылдагы эң негизги көйгөйлөрдү — ички жолдордун оңдолушу, таза суу менен камсыздоо, электр жарыгынын туруктуулугу, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы маселелерди көтөрүштү. Ошондой эле жаштарды колдоо, жумушсуздук жана инфраструктура маселелери дагы талкууланды.

Аким Б.Баяке уулу ар бир маселе боюнча жарандардын пикирин угуп, тиешелүү жетекчилерге жеринде тапшырмалар берип, турмуштук маанилүү маселелерди чечүүдө жергиликтүү эл менен түз байланышта болуу — мамлекеттик башкаруунун маанилүү бөлүгү экенин белгиледи.

📌 Мындай жолугушуулар мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүлүп, жарандардын сунуш-пикирлери жетекчилик тарабынан эске алынып, конкреттүү аракеттерге негиз болот.