12 январь 2024
Кароолор: 24
ЭЛДИК ЖЫЙЫНДАР УЛАНУУДА

Кадамжай районунун ар бир айыл аймактарында райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Баяке уулу Болоткан эл менен жыйындарды өткөрүүдө. Анда айылдардагы социалдык көйгөйлөр жеринен угулуп, маселени чечүү аракеттери көрулүүдө. Элдик жыйындар Кыргыз-Кыштак , Алга жана Исхак Полотхан айыл аймактарында өттү. Айылдардын тургундары негизинен социалдык имараттарды куруу, таза суу, жол, жер тилкесин алуу боюнча көйгөйлөрүн район жетекчисине айтып кайрылышты. Жыйынга райондогу бардык мамлекеттик мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.