21 февраль 2024

Кароолор: 197

ЭЛДИН ЫНТЫМАГЫН БЕКЕМДЕГЕН ЭЛДИК ЖЫЙЫНДАР

  Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы- аким Баяке уулу Болоткан менен элдик жыйындар уланып жатат.  20-февралда райондун жетекчиси Көтөрмө айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугуп,  райондун туруктуу өнүгүү стратегиясын жана социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча программасын жыйын катышуучуларына тааныштырып, пландары тууралуу маалыматтарын айтты.

  Көтөрмө айыл аймагында 2022-2023-жылда аткарылган иштери боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Таабалдиев маалыматтарын берди. Жыйынга 200дөн ашык айыл тургундары катышты. Былтыркы жылда Тамаша айылына баруучу жол толугу менен асфальтталып, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн болсо, дагы бир канча ички жолдор кеңейтилип, электр мамычаларын алмаштырылган. О.э. жыйында айыл элинин айрым муктаждыктарын чечүүдө мигранттар тарабынан да жардамдар берилип жаткандыгы баса белгиленди. Айыл тургундары негизинен чарбачылык менен алектенгендиктен, жер тартыштыгы тууралуу район акимине кайрылып, көйгөйдү чечүү суранычы менен кайрылышты. 

Ар бир элдик жыйынга райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышып, элдин суроолоруна жеринде жооптор берилип, тиешелүү чечимдер кабыл алынууда. 

Көтөрмө айылындагы жыйынга келген жашоочулар тарабынан сугат жана таза суу маселеси, мектеп, балдар бакчаларынын жетишсиздиги, медициналык кызмат көрсөтүүдөгү кемчилдиктер, жайыт маселеси, жөлөк пул алуудагы мүчүлүштүктөр, жумушсуздук тууралуу маселелер айтылды.