26 апрель 2024

Кароолор: 14

Эмдөө-оорунун алдын алуунун жалгыз жолу.

     Кадамжай районунда кызамыкка каршы эмдөө боюнча иш-аракеттер күчөтүлөт. Быйыл өлкөнүн аймагында кызамык оорусу күч алып, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жер-жерлерде эмдөө иштерин күчөтүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Алсак, Кадамжай районуна караштуу Уч-Коргон айыл аймагында эмдөөдөн баш тартып жаткан жарандардын көбөйүп жаткандыгынан улам, район башчысы Болоткан Баяке уулу Уч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борборунда жыйын өткөрдү. Жыйындын максаты-эмдөөдөн баш тартып жаткан үй-бүлөлөргө түшүндүрүү иштерин алып баруу.

Уч-Коргон айыл аймагынын медицина кызматкерлери, айыл башчылары, дин өкүлдөрү жана жергиликтүү актив катышты.

Жыйында жергиликтүү бийликтин чечими менен район аймагындагы ЖДПБнун директорлору эмдөө графигин түзүп, калк арасында эмдөө боюнча күчөтүү иштери башталмакчы.