17 сентябрь 2026
Кароолор: 5
«Эне тилим – элимдин улуу мурасы, комузум – кыргызымдын куту» аттуу иш-чара болуп өттү

Кадамжай районунда эне тилди даңазалоо, улуттук баалуулуктарды урматтоо жана жаш муундарга кыргыз элинин руханий мурасын кеңири жайылтуу максатында «Эне тилим – элимдин улуу мурасы, комузум – кыргызымдын куту» аттуу маданий-агартуу иш-чарасы болуп өттү
Иш-чаранын негизги максаты – кыргыз тилинин кадыр-баркын көтөрүү, эне тилге болгон сый-урматты арттыруу менен бирге кыргыз элинин улуттук музыкалык аспабы болгон комуздун тарыхын, маанисин жана өзгөчө ордун даңазалоо
Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациянын өкүлү, маданият бөлүмү, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, мугалимдер, окуучулар катышты
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан кыргыз тилинин улуулугу, эне тилдин улуттун өзөгүн сактоодогу мааниси тууралуу көркөм сөздөр айтылып, мекенчилдик жана улуттук баалуулуктарды камтыган ыр-бийлер тартууланды. Ошондой эле комуз күүлөрү аткарылып, кыргыз элинин каада-салты, үрп-адаты жана маданий мурастары кеңири чагылдырылды
Эне тил – элдин тарыхын, маданиятын жана улуттук өзгөчөлүгүн муундан муунга жеткирген баа жеткис мурас. Ал эми комуз – кыргыз элинин кылымдардан бери келе жаткан руханий дөөлөтүнүн символу
Мындай иш-чаралар жаш муундарды улуттук баалуулуктарды аздектөөгө, эне тилди сүйүүгө жана маданий мурастарды сактоого үндөйт.