09 июль 2026

Кароолор: 8

Эттин баасын турукташтыруу боюнча жыйын өттү

Бүгүн Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б. Баяке уулунун жетекчилиги астында райондун аймагындагы эт сатуучу ишкерлер менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жыйынга райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, райондук салык кызматынын башчысынын орун басары, ветеринардык кызматтын башчысы жана эт сатуу менен алектенген жеке ишкерлер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө райондун аймагында сатылып жаткан уй жана кой эттеринин баасын турукташтыруу, эттин баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө маселелери талкууланды. Ошондой эле бул багытта тиешелүү мекеме-уюмдарга жана жооптуу кызматкерлерге тиешелүү тапшырмалар берилди.