26 апрель 2024

Кароолор: 119

“Германиянын Эл аралык Кызматташтык” Коомунун эксперттери бүгүн Кадамжай районунун акими менен жолугушту.

   “Борбор Азияда климаттык тобокелдиктерди башкаруу” аймактык программасын ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр болду. Программа климаттык тобокелдиктерге баа берүү үчүн Кадамжай районундагы эки суу бассейнинин (Исфайрамсай, Шахимардан) аймагында мониторинг жүргүзөт.

Болжолдоолорго ылайык, негизги тоолуу аймактарда жаан-чачындын көбөйүшү күтүлүүдө, бул климат кандай өңүттө өзгөрүлсө да, суу каптоо, жер көчкү жана көлдүн жээктен ташкындап чыгышы сыяктуу табигый кырсыктарга алып келиши мүмкүн.

“Германиянын Эл аралык Кызматташтык” Коомунун эксперттери кызматташуунун алкагында райондун ирригация тармагын жакшыртууга колдоо көргөзөөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, КРнын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 193 Токтомуна ылайык Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын алдында Бассейндик кеңеш түзүлгөн. Бассейндик кеңеш райондогу дарыяларды коргоо, сактоо багытында иш алып барат.