14 февраль 2025

Кароолор: 55

Ихсак-Полотхан айыл аймагындагы Баяман баатыр базарында кезектеги азык-түлүк жарманкеси уюштурулду

2025-жылдын 14-февраль күнү Кадамжай районунун Ихсак-Полотхан айыл аймагындагы Баяман баатыр базарында кезектеги азык-түлүк жарманкеси уюштурулду. Кадамжай районунун аймагында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында базар баасынан арзандатылган баада продукция сатып алуу мүмкүнчүлүгүн түзүүгө багытталды. Эт - 600 сом, Картошка – 1 кг 50 сом, Сабиз – 1 кг 25 сом, Пияз – 1 кг 25 сом.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Б.Торобаевдин 2025-жылдын 1-февралындагы тапшырмасына ылайык жүргүзүлдү.