23 май 2024
Кароолор: 112
III Эл аралык IBTE-2024- туристтик көргөзмө жарманкеси.

2024-жылдын 22-май күнү Кызыл Кыя шаарында облустук деңгээлдеги III Эл аралык IBTE-2024 туристтик гастрономиялык, кол өнөрчүлүк көргөзмө жарманкеси уюштурулуп өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага Кадамжай районунун аймагынан жеке ишкерлер барып, өз көргөзмөлөрүн тартуулашты.
Анда аймакта өстүрүлгөн жана өндүрүлгөн экологиялык жактан таза, натуралдуу азык түлүктөр, өзгөчө малинадан жасалган токоч, дары чөптөрдөн жасалган самын, кондитердик азыктар коюлду.
Жарманкеге Орусия, Өзбекстандандан келген туризм тармагында иш алып барган өкүлдөр да катышты.