15 январь 2026
Кароолор: 4
Исхак-Полотхан айыл өкмөтүндө калк менен жолугушуу өттү 2026-жылдын 15-январында Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл өкмөтүндө райондун акими Б.Баяке уулу менен жергиликтүү калктын катышуусунда жыйын уюштурулду. Иш-чарага райондук мекеме-ишканалардын ж

2026-жылдын 15-январында Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл өкмөтүндө райондун акими Б.Баяке уулу менен жергиликтүү калктын катышуусунда жыйын уюштурулду.
Иш-чарага райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн тургундары катышты.
Жолугушууда айылдагы актуалдуу маселелер көтөрүлүп, социалдык объектилердин абалы, инфраструктураны өнүктүрүү жана калктын кайрылуулары талкууланды. Көтөрүлгөн суроолор боюнча тиешелүү жетекчилерге милдеттер жүктөлдү.