17 декабрь 2024
Кароолор: 119
“Ишкердик субъекттердин укуктарын коргоо” темасында жолугушуу уюштурулду

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2024-жылдын 23-январындагы 2-К сандуу “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-январындагы 1 сандуу “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюуу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндөгү” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Көрсөтмөсүн аткаруу максатында Кадамжай районунун прокуратурасы тарабынан 2024-жылдын 17-декабрында Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын имаратында Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Б.Коргонбаевдин, Кадамжай районунун прокурору А.Имангазиевдин, Мамлекеттик салык кызматынын Кадамжай району боюнча башкармалыгынын башчысы Р.Темировдун, райондук ИИБнүн өкүлдөрүнүн, “Мурзакарим”, “Кадамжай Майнинг”, “Халмион Пром” ЖЧКларынын жана башка жеке ишкерлердин катышуусунда, “Ишкердик субъекттердин укуктарын коргоо” темасында жолугушуу уюштурулду.
Жолугушууда «Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү каттоо» Автоматташтырылган маалыматтык системасы (АИС “ИСТК”) жана “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан иштелип чыгып, 2023-жылдын 1-январынан тартып иштеп баштагандыгы билдирилип, бул тууралуу видеотасмалар көрсөтүлдү.
Ошондой эле, жалпы ишкерлердин көйгөйлөрү, суроолору (ККМди колдонуу, айып пул салуулар, ж.б. маселелер) талкууланып, ал боюнча тиешелүү органдардын жетекчилери тарабынан түшүндүрмөлөр берилди.