30 сентябрь 2024

Кароолор: 78

Ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, административдик тоскоолдуктарды азайтуу, тейлөө процедураларын жөнөкөйлөтүү, кызматтарды санариптештирүү

Бүгүнкү күндө мамлекет жер-жерлерде ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, административдик тоскоолдуктарды азайтуу, тейлөө процедураларын жөнөкөйлөтүү, кызматтарды санариптештирүү боюнча бардык толук чараларды көрүп жатканы баарына белгилүү. Кыргыз Республикасынын Президентинин 29.01.2021-жылдагы ПЖ-3 сандуу “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы 388 сандуу Жарлыгы менен бекитилген “Укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө” жобосун, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-январындагы 1 сандуу “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2024-жылдын 23-январындагы 2-К сандуу көрсөтмөсү боюнча түшүндүрмө берилип, ошондой эле инвесторлордун ишенимин жогорулатуу, жагымдуу инвестициялык климатты жана ишкер чөйрөнү түзүү максатында Кадамжай районунун прокуратурасы тарабынан ишкерлер, бизнес чөйрөсүнүн жана укук коргоо, салык кызматынын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө прокурордун улук жардамчысы К.Эркинбай уулу, ишкерлердин укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү менен ишкерлердин укуктарын коргоого шарт түзгөн “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси, аны колдонуу тууралуу маалыматтарды берип өттү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда көрсөтүлгөн Жарлыгын аткаруу максатында «Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү каттоо» Автоматташтырылган маалыматтык системасы жана “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан иштелип чыгып, 2023-жылдын 1-январынан тартып иштеп баштагандыгы билдирилип, бул тууралуу видеотасма көрсөтүлдү.

Ошондой эле, жалпы ишкерлердин көйгөйлөрү, суроолору (ККМди колдонуу, айып пул салуулар, ж.б. маселелер) талкууланып, ал боюнча тиешелүү органдардын жетекчилери түшүндүрмө беришти.

Бул багытта мындан ары дагы иш-аракеттер улантыла бермекчи.