26 январь 2024

Кароолор: 148

ИШКЕРЛЕРДИН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ ЖӨНҮНДӨ ТУШҮНДҮРҮУ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Баткен облусунда ишкердикти өнүктүрүү жана ишкердикти колдоо максатында тузүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңешинин ишмердүүлүгү алкагында ишкерлердин талабына ылайык мамлекеттик кызматтар менен ишкерлердин ортосунда жолугушуулар өтүүдө. Мындай жолугушуунун кезектегиси 26-январь күнү Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтүп, ага 100дөй ишкерлер катышты. 

     Жолугушууда ишкерлер негизинен ККМ аппаратын колдонуу, электрондук кампа жана электрондук эсеп фактурасы тууралуу о.э. бажы кызматынын өкүлүнө көмүрдү  ташууда түрүнө карата бааны белгилеп берүүнү суранышты. Андан тышкары көзөмөл өткөрүү пунктунан кандай продукцияларды өткөрүүгө мүмкүн жана керектелүүчү документтер боюнча суроолорун беришти. Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуудагы салык төлөмүнө берилген мунапыс, ишкердикти алып баруудагы кез келүүчү көйгөйлөр жөнүндө ишкерлерге кеңири маалыматтар берилди.   . О.э. ишкердиктеги аткезчиликтин алдын алуу жөнүндө да айтылды

Ишкерлер менен жолугушууга Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынан, КРнын Президентинин Баткен облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы бизнести жана инвестицияларды  өнүктүрүү боюнча Кеңешинин катчысы, мамлекеттик салык кызматынан жана бажы о.э. чек ара кызматынан өкүлдөр катышты.

Баткен облусу боюнча ишкерлер менен мамлекеттик органдар ортосундагы суроолор боюнча  0998 878760 номуруна кайрылыныздар!