29 декабрь 2025

Кароолор: 3

Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Жаңы жыл майрамына карата өткөрүлө турган майрамдык иш-чаралар учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кызматка тартылган өздүк

2025-жылдын 29-декабрында Кадамжай районунун аймагында Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Жаңы жыл майрамына карата өткөрүлө турган майрамдык иш-чаралар учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кызматка тартылган өздүк курам үчүн саптык нускамалар уюштурулуп өткөрүлдү.

Иш-чарага Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин биринчи орун басары Б. Коргонбаев жана тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.

Саптык нускаманын жүрүшүндө кызматкерлерге коомдук тартипти сактоо, мүмкүн болгон укук бузуулардын алдын алуу, жарандар менен сылык мамиле кылуу, өзгөчө кырдаалдарда ыкчам жана так аракеттерди көрүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.