17 декабрь 2025

Кароолор: 4

Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары М.Айтматовдун жетекчилиги астында жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга тиешелүү мекеме-ишкана жетекчилери, жалпы билим берүүчү мектептердин директорлору, бала бакча жетекчилери, бала бакчаларда иштеген медицина кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын орун басарлары катышты.

Күн тартибине ылайык төмөнкү маселелер каралды:

1. Мектептерде жана бала бакчаларда грипп жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ) алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат угулуп, санитардык-гигиеналык талаптарды так сактоо;

2. Жаңы жылдык майрамдык иш-чараларды уюштуруп өткөрүү тартиби талкууланып, коопсуздук эрежелерин сактоо, балдардын ден соолугуна жана коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы белгиленди.

3. Кадамжай районунун аймагында жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун, суициддин, эрте никеге туруунун жана зордук-зомбулуктун алдын алуу маселеси каралып, тиешелүү мекемелерге профилактикалык иштерди күчөтүү, түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү тапшырылды.

4. Ар түрдүү маселелер боюнча сунуш-пикирлер айтылып, жооптуу жетекчилерге тиешелүү тапшырмалар жүктөлдү.