16 январь 2026
Кароолор: 5
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган АгроЗооВет–2026 окуу караванынын алкагында окутуу семинары өткөрүлдү.

2026-жылдын 16-январында Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган АгроЗооВет–2026 окуу караванынын алкагында окутуу семинары өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — айыл чарба тармагында иш алып барган кызматкерлердин, дыйкан-фермерлердин билим деңгээлин жогорулатуу, заманбап агротехнологияларды жайылтуу жана тармактагы актуалдуу маселелер боюнча маалымат берүү болуп саналат.
Семинарга Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Б. Баяке уулу, ошондой эле АгроЗооВет–2026 окуусун өткөрүүнү уюштурган Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин мал чарбасы, ветеринария, жайыт жана тоют башкармалыгынын башчысы У. Мырзакматов жетектеген жумушчу топ катышты.
Мындан тышкары, иш-чарага райондун айыл аймактарынын башчылары, жер адистери, министрликтин аймактык түзүмдөрүнүн кызматкерлери, мамлекеттик банктардын жетекчилери, райондун аймагында ишке ашырылып жаткан “30+20+10” долбооруна кирген айыл чарба кооперативдеринин, фермердик чарбалардын жана кайра иштетүүчү ишканалардын жетекчилери, ошондой эле башка кызыкдар тараптар чакырылды.
Семинардын жүрүшүндө райондун айыл чарбасын өнүктүрүү, мал чарбачылыгы, ветеринария, тоют базасын жакшыртуу, каржылоо мүмкүнчүлүктөрү жана мамлекеттик колдоолор боюнча баяндамалар жасалды.