15 октябрь 2026
Кароолор: 11
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Нурланова Алима Нурлановнанын катышуусунда жыйыны болуп өттү.

2026-жылдын 15-октябрында Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Нурланова Алима Нурлановнанын катышуусунда райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен маалыматтык-түшүндүрүү жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин биринчи орун басары А. Акматов катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик камсыздандыруу маселелери боюнча кеңири маалымат берилип, камсыздандыруу багытындагы иштерди уюштуруу жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле жыйындын катышуучулары камсыздандыруу жаатындагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, тиешелүү мекемелер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара кызматташтыгын чыңдоо маселелерине көңүл бурушту.
Жыйындын негизги максаты — мамлекеттик камсыздандыруу боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу, камсыздандыруу кызматтары тууралуу түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана бул багыттагы иштерди жергиликтүү деңгээлде натыйжалуу уюштуруу болуп саналат.