04 июнь 2026
Кароолор: 7
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясында жайкы эс алууну уюштуруу маселеси боюнча жыйын өткөрүлдү.

Жыйын район мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басарынын жетекчилиги алдында өтүп, ага тиешелүү мекеме-уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Жыйында балдардын жайкы эс алуусун коопсуз жана сапаттуу уюштуруу, жайкы лагерлердин даярдыгы, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо, медициналык тейлөө жана өрт коопсуздугу маселелери талкууланды.
Ошондой эле райондун аймагында мамлекеттик, жеке менчик жана диний уюмдар тарабынан уюштурулуп жаткан жайкы лагерлердин ишмердүүлүгү каралып, алардын мыйзам талаптарына, коопсуздук жана санитардык нормаларга ылайык иш алып баруусу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.
Мындан сырткары, Масалиев айыл аймагында уюштурулуп жаткан жеке менчик жайкы лагердин даярдык абалы өзүнчө каралып, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бир катар сунуштар айтылды.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмалар жүктөлүп, алардын аткарылышын көзөмөлдөө белгиленди.