14 октябрь 2026
Кароолор: 6
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу Орозбеков айыл аймагына караштуу Оңдуруш жана Тамаша айылдарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

2026-жылдын 14-октябрында Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу Орозбеков айыл аймагына караштуу Оңдуруш жана Тамаша айылдарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү, сунуш-пикирлери угулуп, айылдарды өнүктүрүү, социалдык-экономикалык маселелерди чечүү жана калкты түйшөлткөн көйгөйлөр боюнча пикир алмашуу болду.
Район башчысы тургундар тарабынан көтөрүлгөн маселелерди тиешелүү кызматтар менен биргеликте карап чыгып, аларды мыйзам чегинде чечүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.