19 июль 2026
Кароолор: 9
Кадамжай райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жана Үч-Коргон токой чарбасынын кызматкерлери тарабынан профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.

Кадамжай районундагы Ак-Кайың жана Гауян эс алуу жайларында өрт кырсыктарынын алдын алуу максатында Кадамжай райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жана Үч-Коргон токой чарбасынын кызматкерлери тарабынан профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында эс алуу жайларынын ээлерине жана эс алууга келген жарандарга өрт коопсуздугунун эрежелери боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алдын алуу чаралары көрүлдү.
Кызматкерлер жарандарга от жагууда өрт коопсуздугунун талаптарын так сактоо, күйүүчү калдыктарды көзөмөлсүз калтырбоо, айлана-чөйрөгө этият мамиле кылуу жана өрт чыгуу коркунучун жаратуучу аракеттерге жол бербөө зарылдыгын эскертишти.
Ошондой эле өзгөчө кырдаал жаралган учурда дароо тиешелүү кызматтарга кабарлап, коопсуздук эрежелерин сактоо ар бир жарандын жоопкерчилиги экени белгиленди.
Мындай алдын алуу иш-чаралары эс алуу жайларында өрт кырсыктарын болтурбоого жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган.