11 апрель 2026
Кароолор: 9
Кадамжай райондук жалпы билим берүү мектептеринде “АКИМДИН ПРЕДМЕТТИК ОЛИМПИАДАСЫ” САЛТТУУ ТҮРДӨ өткөрүлдү.

12026-жылдын 11-апрелинде Кадамжай районунун жалпы билим берүү мекемелеринде 5-6-класстын окуучуларынын билим деңгээлин аныктоо, шыктуу окуучуларды колдоо жана алардын предметтерге болгон кызыгуусун арттыруу максатында уюштурулган “Акимдин предметтик олимпиадасы” ийгиликтүү өткөрүлдү. Бул демилге 2024-жылы иштелип чыккан атайын жобонун негизинде салтка айланып, быйыл да жогорку деңгээлде уюштурулду.
Олимпиада кыргыз тили, орус тили, англис тили, математика жана тарых сабактары боюнча өткөрүлүп, "Акимдин олимпиадасынын" аймактык этабына мектептерден жалпысынан 1600дөн ашуун 5-6-класстын окуучулары катышып, биринчи баскыч 2026-жылдын 14-мартында өткөрүлгөн.
Жыйынтыгында эң жогорку упай алган 320 окуучу экинчи баскычка жолдомо алышып,
Экинчи баскыч 2026-жылдын 11-апрелинде Сары-Алтын жалпы билим берүү мектебинин базасына ийгиликтүү өттү.