23 сентябрь 2026
Кароолор: 9
Кадамжай району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы жалпы кыргызстандыктарды 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт!

Кадамжай району,2026-жыл 23-сентябрь. Кадамжай району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы айыл аймактарындагы мектептерде жана Кадамжай шаарындагы Абдыкадыр Орозбеков атындагы музейде болуп, Мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулган иш-чараларга катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер кыргыз тилине мамлекеттик тил макамынын ыйгарылышынын тарыхы, анын мааниси жана кыргыз тилинин өнүгүшүнө, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына зор салым кошкон көрүнүктүү инсандардын өмүрү жана эмгектери менен таанышты.
Алардын катарында 1937–1938-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыктары, мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахманов, окумуштуу, тилчи Касым Тыныстанов, белгилүү тилчи-окумуштуу Кусеин Карасаев жана кыргыз маданиятына, адабиятына салым кошкон Байдылда Сарногоев сыяктуу кыргыз элинин чыгаан инсандарынын эмгектери тууралуу маалыматтар берилди.
Белгилей кетсек, 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргыз ССРинин Жогорку Совети «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамды кабыл алган. Бул тарыхый чечим кыргыз тилинин мамлекеттик макамын бекемдөөгө жол ачып, эне тилге болгон элдин сый-урматын жана улуттук баалуулуктарды сактоого болгон умтулуусун айгинелеген маанилүү кадам болгон.
Мамлекеттик тилдин өнүгүшү — коомдун ар бир мүчөсүнүн жоопкерчилиги. Кыргыз тилин урматтоо, колдонуу жана кийинки муундарга жеткирүү — жалпыбыздын милдетибиз.
Кыргыз тили — кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана улуттук өзгөчөлүгүн камтыган баа жеткис мурас. Аны сактоо жана өнүктүрүү — ата-бабалардан калган ыйык осуят.
Кадамжай району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы жалпы кыргызстандыктарды 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт!