11 декабрь 2025

Кароолор: 49

Кадамжай району – Нургазиев каналынын модернизациялоо долбоору башталды

Бүгүн, Кадамжай районунда маанилүү жана көптөн күткөн ири инфраструктуралык долбоор ишке кирди. Кадамжай районундагы Нургазиев каналынын модернизациялоо долбоору расмий түрдө башталып, жергиликтүү тургундар жана аймактын айыл чарба өнүктүрүүсү үчүн чоң мааниге ээ болгон иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары — Суу ресурстары кызматынын директору Жээналиев Алмаз Жээналиевич, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси Султанов Мамасыдык Мамадиевич, Кытай компаниясы Шандоң Жөңже Инжиниринг Групп Ко ЛТД бириккен ишканасы ошондой эле Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өлкөлүк өкүлү Хью Риддел катышты.

Нургазиев каналын модернизациялоо долбоору Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары кызматынын колдоосу жана Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен «Климаттын өзгөрүшүнө туруштук бере турган суу кызматтарын жакшыртуу» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Ошондой эле Кытай компаниясы Шандоң Жөңже Инжиниринг Групп Ко ЛТД бириккен ишканасы тарабынан Кадамжай суу чарба ишканасына авто унаалар тапшырылды.

Бул иш-чаранын негизги максаты — район аймагындагы ирригациялык системаларды жаңылап, сугат сууну жеткирүү сапатын жакшыртуу, айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу.