20 январь 2026
Кароолор: 5
Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айыл өкмөтүндө жергиликтүү тургундар менен элдик жыйын болуп өтүүдө.

2026-жылдын 20-январында Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айыл өкмөтүндө жергиликтүү тургундар менен элдик жыйын болуп өтүүдө.
Жыйын Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким
Б. Баяке уулунун жетекчилиги астында уюштурулуп, ага Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышууда.
Жолугушуунун жүрүшүндө калкты кызыктырган социалдык-экономикалык маселелер талкууланып, жарандардын суроолоруна тиешелүү жетекчилер тарабынан жооптор берилди.