20 январь 2026

Кароолор: 6

Кадамжай районуна караштуу Молдо Нияз айыл аймагында элдик жыйыны өткөрүлдү.

2026-жылдын 20-январында Кадамжай районуна караштуу Молдо Нияз айыл аймагында элдик жыйыны өткөрүлдү.

Иш-чара Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Б. Баяке уулунун жетекчилиги астында өтүп, ага Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн башчысы, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жыйындын алкагында аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө байланыштуу маселелер көтөрүлүп, элди түйшөлткөн суроолор боюнча жооптор берилди. Ошондой эле жарандардын сунуштары жана кайрылуулары угулуп, аларды ишке ашыруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.