18 март 2025

Кароолор: 39

Кадамжай районуна караштуу Уч-Коргон айыл өкмөтүндө зордук-зомбулуктун алдын алууга, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо максатында чукул жыйын уюштурулду.

Жыйында коомчулук арасындагы терс көрүнүштөр тууралуу мектептерде, диний мекемелерде, эл чогулган жыйындарда профилактикалык чараларды күчөтүү талабы коюлду. Түшүндүрүү иштерин алып барууга жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлерин, дин кызматкерлерин, аялдар кеңештеринин жана аксакалдар коомунун о.э. айыл башчылардын катышуусунда жер-жерлерде иш алып баруу тапшырмасы берилди. О.э. учурдагы жугуштуу оорулардын алдын алуу жана эмдөөдөн баш тарткан үй-бүлөлөр менен тиешелүү иштерди жүргүзүү жагы медициналык кызматкерлерге жүктөлдү.

Ал эми зордук-зомбулуктун алдын алуу максатындагы маалыматтык иш-чаралар планы бекитилип, жакынкы күндөрү райондун башка айыл аймактарында өткөрүлөт.