16 декабрь 2025
Кароолор: 4
Кадамжай районуна караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 2026-жылга карата Дем берүүчү (Үлүштүк) гранттын эсебинен каржыланууга сунушталган долбоорлор каралды.

Жыйындын жүрүшүндө жалпысынан 22 долбоор комиссиянын кароосуна коюлуп, анын ичинен 16 долбоор жактырылды. Атап айтканда, төмөнкү долбоорлор колдоо тапты:
1. Айдаркен шаарындагы №7 Айдаркен атындагы жалпы билим берүү мектебине пластик терезе жана эшик орнотуу.
2. Айдаркен шаарындагы №19 Б. Садыков атындагы жалпы билим берүү мектебине пластик терезелерди орнотуу.
3. Кадамжай шаарындагы №2 “Күн нуру” балдар бакчасын көмүр менен жылытуу системасына өткөрүү.
4. Кадамжай шаарындагы №7 “Таң Шоола” балдар бакчасына от казан орнотуу иштери.
5. Молдо Нияз айыл аймагынын Кайтпас айылындагы Ж. Бөкөнбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин аймагындагы имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүү.
6. Молдо Нияз айыл аймагынын Совет айылындагы №21 Кан жалпы билим берүү мектебинин ашканасын капиталдык оңдоодон өткөрүү.
7. Совет айылындагы “Родничок-Кан” балдар бакчасынын ашканасын жана балдар ойноочу аянтчаларын капиталдык оңдоодон өткөрүү.
8. Бирлик айыл аймагынын Моло толук эмес орто мектебине от казан куруу.
9. Бирлик айыл аймагынын Ормош айылындагы А. Шамурзаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин спорт залын утурумдук оңдоп-түзөө.
10. Орозбеков айыл аймагынын Кескен-Таш айылында жайгашкан №37 Молдо Нияз атындагы жалпы билим берүү мектебинин эшик-терезелерин алмаштыруу.
11. Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылындагы маданият үйүн капиталдык оңдоодон өткөрүү.
12. А. Масалиев айыл аймагындагы Кара-Дөбө айылындагы “Нур” балдар бакчасын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү.
13. А. Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө айылындагы З. М. Бобур атындагы орто мектебинин эски имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү.
14. Үч-Коргон айыл аймагындагы №6 А. С. Пушкин атындагы орто мектебинин фасадын, темир тосмолорун оңдоо жана асфальт-бетон төшөө иштерин жүргүзүү.
15. Үч-Коргон айыл аймагындагы №27 Рузиматов атындагы орто мектебинин башкы фасадын капиталдык оңдоо жана көрктөндүрүү.
16.Үч-Коргон айыл аймагындагы №26 А.Жомий атындагы орто мектебинин фасадын капиталдык оңдоо жана жашылдандыруу.
Аталган жыйынга Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Б. Баяке уулу, ошондой эле комиссиянын мүчөлөрү катышты.
Комиссия тарабынан долбоорлордун социалдык-экономикалык мааниси, актуалдуулугу жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү эске алынды.
Жактырылган долбоорлор 2026-жылы Дем берүүчү (Үлүштүк) гранттын алкагында каржыланууга сунушталат