24 июль 2026
Кароолор: 32
Кадамжай районунан 22 окуучу «Алтын-Балалык» жайкы эс алуу лагерине жөнөтүлдү

Кадамжай районунан жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) жогорку упай топтогон жана республикалык олимпиадаларда байгелүү орундарды ээлеген 22 окуучу жана 1 коштоочу «Алтын-Балалык» жайкы эс алуу лагерине жөнөтүлдү.
Аталган демилге окуучулардын жетишкендиктерин баалоого, аларды колдоого, ден соолугун чыңдоого жана жайкы эс алуусун мазмундуу уюштурууга багытталган.
Мындай мүмкүнчүлүк жаштардын жаңы тажрыйба топтоп, билимге болгон кызыгуусун арттырууга жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.