23 октябрь 2025

Кароолор: 396

Кадамжай районунда 2025-жылдын 9 айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары боюнча коллегия өткөрүлдү.

Коллегиялык отурумга Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары М.Айтматов, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Коллегияда төмөнкү негизги маселелер каралды:

1. 2025-жылдын 9 айы ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары жана негизги милдеттер.

2. Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №89-тескемесине ылайык «Жашыл мурас» улуттук компаниянын аткарылышы.

3. Президенттин 2021-жылдын 13-декабрындагы №561 Жарлыгына ылайык балдардын билим алуусуна байланыштуу чаралар.

4. Электр энергиясына болгон карыздарды азайтуу боюнча РЭТ ишканасынын аракеттери.

5. Президенттин 2020-жылдын 13-ноябрындагы №39 Жарлыгынын алкагында Кыргыз жарандарынын өзүн таануу концепциясын ишке ашыруу.

6. 2023-жылдын 17-июлундагы №140 конституциялык мыйзамынын аткарылышы.

7. Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын талаптары, «Санарип Кыргызстан-2021-2023» концепциясын ишке ашыруу боюнча Бирлик, Орозбеков айыл окмоттору, Айдаркен жана Кадамжай шаардык мэриясынын аткарылган иштери.

8. Ар кандай маселелер: жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы, электр энергиясына карыздар жана иш-чаралар, билим берүү мекемелеринин күз-кышка даярдыгы.

Коллегиянын жыйынтыктары менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мындан ары өнүктүрүү үчүн иш пландары түзүлүп, жооптуу тараптарга так тапшырмалар берилди.