27 январь 2026
Кароолор: 4
Кадамжай районунда 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык кеңешме өткөрүлдү

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин жетекчилиги алдындагы коллегиялык кеңешме болуп өттү. Кеңешмеге райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана айыл башчылар катышты.
Коллегиялык кеңешмеде төмөнкү маселелер каралды:
1. Кадамжай районунун 2025-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана алдыдагы негизги милдеттери тууралуу маалымат угулду.
2. Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы №67 «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамынын жана КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-мартындагы №98 буйругунун талаптарынын аткарылышы боюнча:
3. Ар түрдүү маселелер:
Коллегиянын жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге так тапшырмалар берилип, кемчиликтерди жоюу боюнча конкреттүү чаралар белгиленди.
Кеңешменин соңунда Кадамжай районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын улук лейтенанты Д. Уланов жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө жана айыл башчыларына жол кырсыктарынын алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.