23 апрель 2026
Кароолор: 5
Кадамжай районунда 23-апрель – Китеп күнү белгиленди

2026-жылдын 23-апрелинде район аймагында Китеп күнү белгиленип, бул күн адабиятты даңазалоо жана китеп окуу маданиятын өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.
Иш-чаралар билим берүү мекемелеринде, китепканаларда жана маданий борборлордо уюштурулду.
Китеп күнүнүн алкагында окуучулар арасында көркөм окуу сынактары, китеп көргөзмөлөрү ошондой эле ачык талкуулар өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – жаштарды китеп окууга шыктандыруу, улуттук жана дүйнөлүк адабиятка болгон кызыгууну арттыруу болуп саналат.
Китеп – бул билимдин булагы жана руханий өнүгүүнүн негизги каражаты