09 июнь 2026

Кароолор: 9

Кадамжай районунда 23 кичи футбол аянтчасынын курулушу башталды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун фондунун эсебинен, Кадамжай районунда кичи футбол аянтчасы жок болгон 23 айылда заманбап футбол аянтчаларынын курулуш иштери башталды.

Жаңы курула турган кичи футбол аянтчалары жаштарды сергек жашоо образына үндөп, алардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле айылдарда массалык спортту өнүктүрүүгө жана жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө болот.

Район акими Болоткан Баяке уулу, курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алды.