28 апрель 2025

Кароолор: 18

КАДАМЖАЙ РАЙОНУНДА “АКИМДИН ПРЕДМЕТТИК ОЛИМПИАДАСЫ” САЛТТУУ ТҮРДӨ ӨТКӨРҮЛҮП, МЫКТЫ ОКУУЧУЛАР СЫЙЛЫКТАР МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ

2025-жылдын апрель айында Кадамжай районунун жалпы билим берүү мекемелеринде 5-6-класстын окуучуларынын билим деңгээлин аныктоо, шыктуу окуучуларды колдоо жана алардын предметтерге болгон кызыгуусун арттыруу максатында уюштурулган “Акимдин предметтик олимпиадасы” ийгиликтүү өткөрүлдү. Бул демилге 2024-жылы иштелип чыккан атайын жобонун негизинде салтка айланып, быйыл да жогорку деңгээлде уюштурулду.

Олимпиада кыргыз тили, орус тили, англис тили, математика жана тарых сабактары боюнча өткөрүлүп, район аймагындагы мектептерден жалпысынан 1800дөн ашуун 5-6-класстын окуучусу катышты. Биринчи баскыч 2025-жылдын 5-апрелинде өткөрүлүп, жыйынтыгында эң жогорку упай алган 235 окуучу экинчи баскычка жолдомо алышты.

Экинчи баскыч 2025-жылдын 19-апрелинде Кадамжай райондук мектебинин базасында өтүп, олимпиаданын жыйынтыгы боюнча 32 окуучу жогорку упай топтоп, “Акимдин предметтик олимпиадасынын” жеңүүчүсү деп табылды.

2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгы менен республикалык олимпиадада Кадамжай районунан 12 окуучу (5 окуучу мектептерден, 7 окуучу Семетей лицейинен) жолдомо алып, алардын ичинен география предметинен Кадамжай райондук мектебинин окуучусу Э.Сулоймонов 2-орунду камсыздады.

Жеңүүчүлөргө Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу Ардак грамоталарды, баалуу белектерди жана сыйлыктарды тапшырды.