13 сентябрь 2025

Кароолор: 9

Кадамжай районунда АРИСтин ПРЭР-2 долбоору боюнча жыйын өткөрүлдү

2025-жылдын 12-сентябрында Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясында Айылдык инвестицияларды колдоо жана өнүктүрүү агенттиги (АРИС) жыйын өткөрдү. Иш-чарада ПРЭР-2 долбоорунун Баткен облусундагы аймактык экономикалык өнүктүрүү багытынын 3-компонентинин башталышы жөнүндө маалымат берилди.

Жыйынга Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары М.Айтматов, АРИС өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү жеке ишкерлер жана ишкерликке кызыкдар жарандар катышты.

Бул иш чара жеке ишкердикти өнүктүрүүгө багытталып, Баткен облусунун ишкерлерин колдоону көздөйт. Долбоордун алкагында ар бир тандалган ишкерге 8 миң АКШ долларына чейин гранттык колдоо көрсөтүлүп, жалпысы 250 ишкерге жардам берилет.

АРИС өкүлдөрү бул программа аймактагы ишкерлердин жаңы долбоорлорун ишке ашырууга, жумуш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө болорун белгилешти.