16 декабрь 2025

Кароолор: 4

Кадамжай районунда автожол инфраструктурасы жакшыртылууда

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Шаменовдун тапшырмасынын негизинде Кадамжай районунда жайгашкан Үч-Коргон – Дароот Коргон автожолунда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

Аталган автожол Үч-Коргон, Алыш, Кара-Жыгач, Майдан, Кароол жана Аустам айылдарын аралап өтөт.

2022-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин жолдун 35 чакырым аралыктагы бөлүгү кеңейтилип, жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында 2 көпүрө жаңыланып кайрадан курулуп, азыркы учурда Үч-Коргон автожолунун 45 чакырым жолго шагыл төшөлдү.