16 октябрь 2026
Кароолор: 20
КАДАМЖАЙ РАЙОНУНДА «АЯЛДАРДЫ КОЛДОО ПУНКТТАРЫ: ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕҢГЭЭЛДЕГИ ӨНӨКТӨШТҮК ЖАНА ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮ» АТАЛЫШЫНДАГЫ ФОРУМ ӨТТҮ

КАДАМЖАЙ РАЙОНУНДА «АЯЛДАРДЫ КОЛДОО ПУНКТТАРЫ: ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕҢГЭЭЛДЕГИ ӨНӨКТӨШТҮК ЖАНА ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮ» АТАЛЫШЫНДАГЫ ФОРУМ ӨТТҮ
2026-жылдын 16-октябрында Кыргызстандагы Аялдардын бейөкмөт уюмдарынын форумунун алкагында «Аялдарды колдоо пункттары: жергиликтүү деңгээлдеги өнөктөштүк жана өз ара аракеттенүү» темасында форум болуп өттү.
Форумга Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин орун басары М. Айтматов, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы М. Кочконова, жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясы(ИДН), райондук билим берүү бөлүмү, Кадамжай жалпы дарыгерлик практика борборунун өкүлдөрү, Эмгек жана социалдык камсыздоо башкармалыгынын үй-бүлөнү коргоо жана камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, социалдык адистер жана социалдык кызматкерлер катышты.
Иш-чарада аялдарды колдоо, алардын укуктарын коргоо, көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берүү жана тиешелүү мекемелердин ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү маселелери талкууланды.
Форумдун катышуучулары аялдарга өз убагында жардам көрсөтүүдө мамлекеттик мекемелердин, социалдык кызматкерлердин жана бейөкмөт уюмдардын биргелешип иш алып баруусу маанилүү экенин белгилешти.
Мындай жолугушуулар тажрыйба алмашууга, көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө жана аялдарга көрсөтүлүүчү колдоону жакшыртууга жардам берет.